Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2017-жылдын 11-февралы № 1/2
Гүлбаар айылынын Жаны-Жол айылындагы жаңы конушка кеткен жолдун абалын оңдоо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча, Гүлбаар айылынын Жаны-Жол айылындагы жаңы конушка кеткен жолдун абалы абдан жаман, шагыл жок, жаан жааганда баткак болуп жолго жүрө албай кыйналып жатабыз ушуга жолго шагыл төгүп, жолду сүрдүрүп оңдоп берүү жөнүндөгу айыл тургуну Уринса эженин арызын угуп , кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаны-Жол айылындагы жаңы конушка кеткен жолдун абалы абдан жаман, шагыл жок, жаан жааганда баткак болуп жолго жүрө албай кыйналып жатабыз ушуга жолго шагыл төгүп жолду сүрдүрүп оңдоп берүү жөнүндөгу айыл тургуну Уринса эженин арызы канааттандырылсын.
2. Жаны-Жол айылындагы жаңы конушка кеткен жолду шагыл төшөп, оңдоп түзөө иштерин айыл өкмөтүнүн кошумча түшкөн каражаттын эсебинен аткарууга алынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |