Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2017-жылдын 11-февралы № 1/3
Гүлбаар айылынын Бирлик айылына кеткен жолдогу тротуарын оңдоп түзөө жана С.Эшматов көчөсүндөгү суу курулмасын орнотуу үчүн казылган жерлерди карап шагыл төгүп (трамбовка) кылуу, жана жолдун четиндеги тротуардын боюндагы дарактарды кыйдырып, тазалатып тротуарга жүргөнгө шарт түзүү боюнча маселени кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын Бирлик айылына кеткен жолундагы тратуарын оңдоп түзөө жана С.Эшматов көчөсүндөгү суу курулмасын орнотуу үчүн казылган жерлерди карап шагыл төгүп (трамбовка) кылуу, жана жолдун четиндеги тратуардын боюндагы дарактарды кыйдырып тазалатып тратуарга жүргөнгө шарт түзүү боюнча маселени кароо жөнүндө маселени кароо жөнүндө карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылына кеткен жолдун дагы тратуарын оңдоп түзөө жана С.Эшматов көчөсүндөгү суу курулмасын орнотуу үчүн казылган жерлерди карап шагыл төгүп (трамбовка) кылуу, жана жолдун четиндеги тратуардын боюндагы дарактарды кыйдырып, тазалатып тратуарга жүргөнгө шарт түзүү боюнча маселени аткаруу кошумча түшкөн кирешенин эсебине аткарууга алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |