Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 1/5
Гүлбаар айылынын Жаңы-Жол участкасындагыайыл чарба багытына кирбегенайылөкмөтүнүн муниципалдык жериненачыкспорттукаянтчаcы үчүн ажыратылып берилгенжер аянтынын ичинен 400 м.кв. жер аянтынФАП куруу үчүн кайра пландаштырууга берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын Жаңы-Жол участкасындагы айыл чарба багытына кирбеген айыл өкмөтүнүн муниципалдык жеринен ачык спорттук аянтчаcы үчүн ажыратылып берилген 2450 м.кв жер аянтынын ичинен 400 м.кв. жер аянтын кайра пландаштырып ФАП куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын арызы карап, кызуу талкуулап,төмөндөгүдөй
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Жаңы-Жол участкасынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.
2. Жаңы-Жол участкасыдагы айыл чарба багытына кирбегенайылөкмөтүнүн муниципалдык жеринен ачык спорттук аянтчаcы үчүн ажыратылып берилген 2450 м. кв жер аянтынын ичинен 400 м.кв. жер аянтына ФАП куруу үчүнкайра пландаштыруу боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер, агрардык жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адис А.Шерматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |