Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 1/7
Гүлбаар айылынын Жаштык участкасына караштуу С. Эшматов көчөсүнүн боюндагы электр чубалгыларын жакшылап тартып иретке келтирүү Жаштык, Пахта-Арал участкаларындагы столбаларды жана электр чубалгыларын жакшылап тартып иретке келтирип берүү жөнүндөгү арызды кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеёешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Жаштык участкасына караштуу С.Эшматов көчөсүнүн боюндагы электр чубалгылары начар, ошол чубалгыларды жакшылап тартып иретке келтирип берүү жөнүндөгү Гүлбаар айылынын Жаштык айылынын тургуну Токуров Асилбектен арызын кароо жана депутат А. Шерматовдун Жаштык, Пахта-Арал участкаларындагы столбаларды жана электр чубалгыларын жакшылап тартып иретке келтирип берүү жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштык участкасына караштуу С.Эшматов көчөсүнүн боюндагы электр чубалгылары начар, ошол чубалгыларды жакшылап тартып иретке келтирип берүү жөнүндөгү Гүлбаар айылынын тургуну Токуров Асилбектен арызы жана депутат А. Шерматовдун Жаштык, Пахта-Арал участкаларындагы столбаларды жана электр чубалгыларын жакшылап тартып иретке келтирүү берүү жөнүндөгү сунушу канаатандырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |