Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 1/10
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын кире беришине (Белге) 2 санариптик видео камера орнотууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитовдун КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1- орун басары Б.Юсуповдун 2016-жылдын 16- ноябрындагы протоколдук тапшырмасы аткаруу максатында РМАнан жана РИИБден келген сунуштарды аткаруу максатында, кылмыштуулуктун алдын алуу, жасалган кылмыштардын бетин тез арада ачуу, террористтик актыларды болтурбоо,жол транспорт кырсыктарын жасаган унааларды табуу жана башка мыйзам бузууларды болтурбоо максатында Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын кире беришине (Белге) 2 санариптик видео камера орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитовдун. КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1- орун басары Б.Юсуповдун 2016-жылдын 16- ноябрындагы протоколдук тапшырмасы аткаруу максатында РМАнан жана РИИБден келген сунуштарды аткаруу максатында, кылмыштуулуктун алдын алуу, жасалган кылмыштардын бетин тез арада ачуу, террористтик актыларды болтурбоо, жол транспорт кырсыктарын жасаган унааларды табуу жана башка мыйзам бузууларды болтурбоо максатында Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын кире беришине (Белге) 2 санариптик видео камера орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө сунушу канаатандырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |