Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 1/12
Депутат Арзибаев Муратбектин Гүлбаар айылдагы Жаңы-Жол менен Пахта-Арал участкаларынын ортосуна жер астынан эки жерге суу чыгарып берүү жөнүндөгү сунушун кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Депутат Арзибаев Муратбектин Гүлбаар айылдагы Жаңы-Жол менен Пахта-Арал участкаларынын ортосуна жер астынан эки жерге суу чыгарып берүү жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутат Арзибаев Муратбектин Гүлбаар айылдагы Жаңы-Жол менен Пахта-Арал участкаларынын ортосуна жер астынан эки жерге суу чыгарып берүү жөнүндөгү сунушу кошумча каражаттын эсебинен аткарууга алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |