Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 1/14
Депутат Ахматов Аскарбектин Кичик-Алай айылынын жаштары үчүн жайкы ачык спорттук аянтчасы жок, айланасын тосуп спорттук аянтча жасап берүү боюнча сунушун кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Депутат Ахматов Аскарбектин Кичик-Алай айылынын жаштары үчүн жайкы ачык спорттук аянтчасы жок, айланасын тосуп спорттук аянтча жасап берүү боюнча сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Депутат Ахматов Аскарбектин Кичик-Алай айылынын жаштары үчүн жайкы ачык спорттук аянтчасы жок, айланасын тосуп спорттук аянтча жасап берүү жөнүндөгү сунушу кошумча түшкөн каражаттын эсебинен аткарууга алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |