САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылыш кезексиз 1-уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 3-январы № 1
Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктуна жана 29-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын кеңешмесинин 2016-жылдын 3-январындагы № 2-токтомуна ылайык депутат Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевич Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
Төрага | С.Кулмурзаев |