Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылыш кезексиз 1-уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 14-январы № 4
Салам-Алик айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктун жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын экинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Салам-Алик айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кулмурзаев |
| Салам-Алик айылдык КЕҢЕШИНИН 2017-ЖЫЛДЫН 14-ЯНВАРЫНДАГЫ № 4 токтому менен бекитилген |
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эң жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;
аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык өкмөттүн (округдун) башчысын шайлоо жана мыйзам чегинде ишеним көрсөтпөө;
жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунушту тийиштүү мамлекеттик бийлик органга киргизүү максатында иштеп чыгуу;
айылдык Кеңештин төрагасын (мындан ары-Кеңештин төрагасы) жана анын орун басарын шайлоо жана аларды кызмат ордунан бошотуу, Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келген чечимин алып салуу;
жергиликтүү Кеңештин иш планын, Регламентин жана туруктуу (убактылуу) комиссиянын иш планын бекитүү, аларга өзгөртүү киргизүү;
өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айыл өкмөттүн (округдун) башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
муздак сууну, канализацияны пайдалануу үчүн, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бекитүү;
жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жана башка маселелерди да чечүү.
1.3. Кенеш, өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана Кеңештин аппаратынын түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.
Кеңештин иши жылдык иш пландын негизинде жүргүзүлөт.
Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы түзөт жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.
Кеңештин сессиялары кварталына кеминде 1 жолу план боюнча же зарыл болсо кезексиз Кеңештин төрагасы белгилеген күндө жана убакта өткөрүлөт.
Кеңешти чакыруу убактысы, сессияны өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин катчысы сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
Кеңештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган учурдан тартып 7 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө гана Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
Айыл өкмөт башчысы Кеңештин сессиясынын күн тартибине маселени төраганын атына жазуу түрүндө колун коюп, печать басуу менен гана сессияга кеминде 7 күн калган мөөнөттө сунуш кыла алат (жоопкерчилик үчүн). Кеңештин сессиясына пландагы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар, тиешелүү комиссия даярдайт.
Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизүүнүн демилгечилери даярдайт.
Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүмкүн.
Иш план боюнча кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган негизги маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо-талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 3 күндөн кечиктирбестен жоопкер адамдар, тиешелүү комиссия жана демилгечилер тарабынан Кеңештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш, ал төрагага маалымдалыш керек. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулушу мүмкүн.
Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн чакырылгандардын тизмесин, сунуш маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз берген адам даярдайт. Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин (же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери, демилгечилер тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.
3.1. Кеңештин сессиялары Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу.
3.1.2 Кворум 14 депутат деп белгиленсин (Арстан, Эдилдин талабы боюнча. Төраганын бардык сессия үчүн мындай чектөө киргизүү туура эмес, 3.1 пунктка каршы келет, мыйзамсыз болот, кворум каралуучу маселенин деңгээлине жараша болоорун эске алгыла деген эскертүүсүнө карабастан түшүнүү болгон жок).
Кеңештин депутаттары Кеңештин сессияларына катышууга өтө милдеттүү. Депутат өзү курамына кирген туруктуу комиссиялардын жана органдардын ишине катышууга, алардын чечимдерин аткарууга, көмөк көрсөтүүгө, Кеңештин, анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү. Кенештин депутаты Кеңеште жана анын органдарында өзүнүн милдеттерин аткарбаган, алардын ишинин белгиленген тартибин дайыма бузган учурда жергиликтүү Кеңеш мандаттык комиссиянын, депутаттык иш жана этика маселелерин караган комиссиянын корутундусу боюнча депутаттын өзүнүн милдеттерине карата мамилеси тууралуу шайлоочуларга кабарлоо жөнүндө чечим кабыл алат. 8-1 статя: депутат өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар намысын жана беделин сыйлоого, Кеңешти, шайлоочуларды, улутту, мамлекетти, жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш!
Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы кол койдуруу менен, атайын катышуу барагын (мындан ары - катчы) уюштурат.
Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жөнүндө Кеңештин төрагасына же катчысына күн мурунтан (оозеки же кийин болсо да жазуу түрүндө себебин көрсөтүү менен же телефон менен болсо да) билдирүүгө тийиш.
Кеңештин сессиялары ачык болуп саналат.
Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
Сессияга мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, жарандар, башка Кеңештердин депутаттары өзгөчө тартипти сактоо менен (сессиянын иш регламентин сактап, депутаттардансөзүн бөлбөй, сөз талашпай, алардын статусун сыйлап, ызаттап), кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
Кеңештин сессияларын - Кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат же зарылчылык болгондо Кеңештин чечими боюнча тиешелүү башка депутат алып барышы мүмкүн.
Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, «жактап», «каршы» добуш бергендерди, «калыс» калгандарды көрсөтүү менен) протоколго, киргизилет.
Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.
Кеңеш ар бир сессияда Кеңештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
Зарыл болгон учурларда гана (өзгөчө кырдаалдагы маселелерден башка) жазуу түрүндө сунуш келсе күн тартибине депутаттын жана төраганын гана сунушу боюнча Кеңештин чечими менен Кеңештин сессиясына түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн. Төрага тарабынан тиешелүү комиссияга корутунду чыгаруу үчүн сунуш кылынып, убакыт (шарт түзүлүп) берилет, корутундунун негизинде гана Кеңеш чечим кабыл алат. Мындай шартка убакыт ажыратылганга чейин (балким тыныгуу мезгилинде же атайын убакыт ажыратылышы же комиссия мүчөлөрүнө сыртка барып иштеп келүүгө уруксат берилип, шарт түзүлөт) калган маселелер карала бериши мүмкүн.
Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш, маселе боюнча добуш берүү менен Кеңештин 2/3 добушу менен кабыл алынат.
Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Күн тартибинин маселелерин талкуулоого, иштөө тартибине өзгөртүүлөр төраганын же депутаттын сессиянын каалаган учурунда берген сунушунун негизинде, Кеңештин чечими боюнча (катышуу барагындагы депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен) жүргүзүлөт.
Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган, толук каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясына Кеңештин чечими менен калтырылат.
Сессиянын жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары 10 мүнөткө чейин, тең докладдар үчүн 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга - 5 мүнөткө чейин, талапкерлер, алып баруу тартиби, добуш берүү жүйөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлөр үчүн 3 мүнөткө чейин убакыт берилет.
Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты маселе чечилгенге чейин узарта алат.
Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык, бирок сөзгө жазылуу (сөз алуу) кезегин сактап, (сөзгө конок берүү менен башка депутаттарды урматтап, сыйлап, толеранттуу болуп) сөз сүйлөй алат.
Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.
Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат. Бир депутат сөз сүйлөп жатканда ал сөзүн аягына чейин чыкмайынча төрагадан, төрагалык кылуучудан башка депутат, жаран, адам сөзүн бөлүүгө тыюу салынат, укуксуз. Бул укукту депутат өз оюн оптималдуу жол менен жыйынтыктап, сөздүн маанисин тез түшүндүрүп, убакытты үнөмдөө менен колдонуусу зарыл! Бул биздин Регламенттеги депутаттын эң негизги укугу деп аталат!
Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча же Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.
Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, эки күндүн ичинде протоколго сессияда төрагалык кылган адам кол коет.
3.16. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү Кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
Сессияда каралган негизги маселелер боюнча Кеңеш тиешелүү туруктуу комиссиянын корутундусу боюнча чечим кабыл алат.
Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же Кеңештин чечими боюнча жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин мыйзамдарда башкача каралбаса Кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кеңештин төрагасын, Кеңештин төрагасынын орун басарын, Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Мыйзамдарда башкача каралбаса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол коет.
4.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
4.5. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал алгач негиз катары алынат.
Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мүмкүн.
Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө же оозеки берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана, эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.
Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин түзөтүлгөн долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
Кеңештин чечимдерин өзгөртүүсүз туура сактоо үчүн жоопкерчилик Кеңештин төрагасына жана катчысына жүктөлөт.
4 9. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2 жумалык мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.
Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттүү.
Кеңештин чечимдери сот тартибинде же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы Кеңешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат.
Мурдагы чакырылыштагы Кецештин төрагасы өз милдеттерин жаңы чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.
Кеңештин төрагасы өз кызматынан Кеңештин демилгеси боюнча Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси четтетилсин деп добуш берүү менен бошотулушу мүмкүн.
Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиянын күн тартибине киргизилет.
Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет.
Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, кабыл алынат.
5.3.Кеңештин төрагасы:
Кеңештин сессияларын чакырат;
Күн тартибин аныктап киргизип, кезексиз маселелерди туруктуу комиссияга, чечим чыгарууга Кеңешке сунуш кылат, сессияларда төрагалык кылат;
Жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;
Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат;
Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат;
Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна (токтомдоруна) жана башка документтерине кол коет, алардын туура толтурулушуна катчы менен бирге жоопкер болот;
депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, тиешелүү шарт түзөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат, талап кыла алат;
Кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;
Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;
мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;
Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;
Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылышы мүмкүн;
Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында, анын ичинде Кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат;
Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;
жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;
мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кеңештин атынан кол коет;
Кеңештин чечимдерин Салам-Алик айыл округунун аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана контролдоону жетечиликке алат;
ага Кеңеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка маселелерди чечет.
Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алынып салынышы мүмкүн.
Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин токтотууга укуктуу.
Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин терагасынын орун басары аткарат.
Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын же депутаттардын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш берүү менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ар бир депутат Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына талапкерди көрсөтүү, өзүн-өзү көрсөтүү укугуна ээ.
Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү Кеңештин төрагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.
Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешке отчет берет жана Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.
Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.
Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орун басарына сүйлөө үчүн сөз берилет.
Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим, эгерде шайланган депутаттардың жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе, Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Кеңештин төрагасынын орун басары:
Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат;
ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;
Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
Кеңештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.
Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары ыктыярдуу турдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет, ал Кеңештин төрагасы тарабынан каралат.
7.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан жана бардык иш кагаздарын камсыз кылган адам болуп саналат жана ал Кеңеш тарабынан көпчүлүк добуш берүү менен бекитилет .
Айрым учурда Кеңештин катчысынын мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу катчысы Кеңештин чечими менен аткарат.
7.2. Кеңештин катчысы:
Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт;
Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну, каттоону уюштурат;
Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп берет;
сессияга катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат, жоопкерчиликти алат;
депутаттардын Кеңештин сессияларына келишинин эсебин каттоо барагы мененалат;
Кеңештин сессиясынын чечимдерин туура толтурат жана аларды мыйзамдуу таратууну уюштурат;
Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде алып барат, кабыл алынган ченемдик актыларды мыйзамдаштырууга жоопкер болот;
- Кеңеш берген башка функцияларды аткарат.
Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.
Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө (башкача каралбаса 10 күндө) жооп берүүгө милдеттүү.
Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери Кеңештин сессиясында аныкталат, бекитилет.
Комиссия депутаттардын сунушунун, өзүн-өзү көрсөтүүнүн негизинде депутаттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бекитилген сандагы комиссиянын мүчөлөрүнөн ашык талапкерлер көрсөтүлгөндө, берилген добуштарды салыштыруу менен тандалат, эгер барабар болсо, алгач көрсөтүлгөн талапкерге артыкчылык берилет.
Депутат 3 айдын ичинде жүйөөлүү себеби болбостон комиссиянын пландуу жыйналыштарына 3 жана андан ашык жолу катышпаса комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн, бул чечим шайлоочуларга жөнөтүлөт. Жүйөлүү себептер болуп: оору, өргүү, иш сапар, жакын туугандарынын каза болушу, өзү той берип калса,... саналат.
Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт. Депутат өз макулдугунун негизинде бир комиссиядан башка комиссияга Кеңештин чечими менен өтүшү мүмкүн.
Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык же жабык добуш берүү менен бекитилет.
Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу, убактылуу комиссияларга мүчө боло албайт.
8.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
комиссиянын ишин уюштурат;
комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;
комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт;
төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;
комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө маалымдайт;
башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.
Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
туруктуу комиссия белгилеген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;
төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функция ларын аткарат;
төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болушу мүмкүн.
Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
Туруктуу комиссиянын катчысы:
- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын, коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.
Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени Кеңештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же оозеки формада киргизе алат.
Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө зарыл материалдар талап боюнча сөзсүз берилет.
Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга, Кеңешке билдире алат.
8.17. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын Кеңеште бекитилген иш планына ылайык иштейт.
Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыкка жараша, бирок айына кеминде бир жолу чогулат.
Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мүчөлүрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.
Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол-токтом менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы же бардык мүчөлөрү кол коет.
Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди, тиешелүү адамдарды тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол коет.
Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.
Туруктуу комиссиялар Кеңештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:
туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;
эгерде комиссиянын жыйналыштары 3 ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда;
комиссияда Зтен аз мүчө калган учурда.
Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.
Кеңештин Регламенти, аны өзгөртүү жана толуктоо Кеңеш түзгөн Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун же тиешелүү туруктуу комиссиянынсунушу боюнча типтүү регламенттин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.
Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага Кеңештин чечими боюнча Кеңешти төрагасынын орун басары же Кеңештин мүчөсү болгон башка депутат башчылык кылат.
Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштар карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко же тиешелүү туруктуу комиссияга жөнөтүлөт.
Регламент маселелери боюнча топ же тиешелүү туруктуу комиссия түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат.
Кабыл алынган түзөтүүлөр бекитүү үчүн Кеңешке киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат.