Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылыш кезексиз 1-уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 14-январы № 5
Салам-Алик айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын экинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Салам -Алик айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын структурасы, сандык жана сапаттык курамы бекитилсин:
1. Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссия; (төрага: Кулмурзаев Сейитбек, мүчөлөрү: Бакыбаев Салижан, Калматов Бабажан, Байназаров Жумакадыр, Инашов Эдил)
2. Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; (Төрайым: Караева Зууракан, мүчөлөрү: Эгембердиева Бегайым, Айдараалыев Нурбек, Кудайбердиев Канатбек, Чекиров Жандарбек)
3. Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; (Төрага: Таштемиров Арстан, мүчөлөрү: Караев Мамакадыр, Садыбаев Азим, АбдуллаевАкылбек, Калыбеков Талантбек, Акматалиев Женишбек).
4. Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү
башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия;
(Төрага: Рысбаев Жолдошбай, мүчөлөрү: Исабаев Жумабек, Абдыкадыров Майсалбек).
2. Салам-Алик айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары (биринчи турган депутат) бекитилсин.
3. Туруктуу комиссияларга, төрагаларга мыйзамдуу функцияларын толук аткарууга киришип, тиешелүү жылдык иш пландарын иштеп чыгып, Кеңешке бекитүүгө сунуш кылуу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кулмурзаев |