Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 123
Эски-Покровка айылы №123 20-февраль 2016-жыл “Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015 -жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү, 2017-2018-жылдардагы бюджеттеринин долбоорлору жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2017-2018- жылдардагы бюджеттеринин долбоорлорун кароо жөнүндөгү маселелерди айылдык кенештин бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарын жана берилген маалыматтарын угуп, аны ар тараптан карап чыгып, Кызыл – Октябрь айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 12434,3 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 11281,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин ( № 1,2,3 тиркемелер).
2. Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 14377,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин (№ 4,5,6 тиркеме).
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү №7,8 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
5. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдардагы жергиликтүү бюджеттеринин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызматтар (электр энергия, каттуу отун, комур), тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү, байланыш чыгымдарын жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
6. Салык Кодексинин 337, 329 беренелеринин 4 бөлүгүнө ылайык, жер салыктарынын базалык ставкаларын 15% көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн №02|1 08.02.2016 жылдагы токтому бекитилсин, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө тийиштүү түзөтүүлөр киргизилсин.
7. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коеффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2015-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзамы менен бекитилген 2016-2018-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
8. Республикалык бюджеттен келуучу тендоочу гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат корсотуулор (электр энергия, каттуу отун-комур) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын, жана жоопкер болушары эскертилсин.
9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 102,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
11. Айыл округунун 2015-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип, бирок каржыланбай калган каражаттар 2016-жылдагы бюджетинин аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
12. Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
13. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо) өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жергиликтүү кенештин тармактык комитети менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын.
14. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жургузулгон накталай акча каражаттары 2016-жылдын 1-январына карата калдыгы 1376,3 мин сом өлчөмүндө белгиленсин, жана ага кошумча сметалары түзүлсүн (анын ичинен атайын каражаттары 280,3 миң сом).
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы жана салык саясаты боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Толтоевге, жооптуу катчы М.Мамытовго, ФЭБнүн башчысы – башкы бухгалтер А.Араповго тапшырылсын.
Төрага | К. Мусаев |