Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХIХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 08-февралы № 02/1
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү, 2017-2018-жылдардагы бюджеттеринин долбоорлору жөнүндө
Кызыл - Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга айыл округунун бюджетин бекитуу, 2017-2018- жылдардагы бюджеттеринин долбоорлорун кароо жонундогу маселелерди айыл округуну ФЭБ башчысы – башкы бухгалтеринин, маалыматарын угуп жана аны ар тараптан карап чыгып,аппарат кызматкерлеринин сунуш- пикирлеринин негизинде Кызыл- Октябрь айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин жана социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча иш-чараларын аткаруу мезгилинде, жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда айыл округунун жооптуу кызматкерлери жооптуу катчы М.Мамытов, ФЭБнүн башчысы – башкы бухгалтер А.Арапов, муниципалдык менчиктер жана МЧС кызматтары боюнча башкы адис – О.Эргешов, жер, турак жай жана айыл чарбасы боюнча башкы адис З.Осмонов айыл округунун киреше тармагы боюнча башкы адиси Б.Турков, социалдык маселелер боюнча башкы адис К.Арапов, жана бардык айыл башчыларынын жана адистеринин аткарган иш-аракеттери эске алынсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2015 жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 12434,3 мин сомго, жана чыгаша бөлүгү 11281,9 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№ 1,2,3 тиркемелер)
3. Кызыл Октябрь айыл округунун 2016 жылдагы бюджети кирешелер жана чыгашалары 14377,7 мин сом өлчөмүндө белгиленсин. ( № 4,5,6 тиркеме )
4. Айыл округунун 2017-2018-жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү № 7,8 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
5. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
6. Кызыл Октябрь айыл округунун 2016-2018-жылдардагы жергиликтуу бюджеттеринин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызматтар (электр энергия,каттуу отун-комур),тамак-аш,эмгек акы,социалдык фонд толомдору, байланыш чыгымдарын жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
7. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коеффиценттерди жогорулатуубоюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2015 жылдын 24 декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзамы менен бекитилген 2016-2018 жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
8. Республикалык бюджеттен келуучу тендоочу гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат корсотуулор (электр энергия, каттуу отун-комур) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын, жана жоопкер болушары эскертилсин.
9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жонундогу Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл округунун резервдик фонду 102,5 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
10. Казына системасын четтеп отуу менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Корсотулгон тартип бузулганда атвйын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
11.Айыл округунун 2015 жылы бюджеттин чыгаша болугуно белгиленип, бирок каржыланбай калган каражаттар 2016 жылдагы бюджетинин аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
12. Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
13. Айланма кассалык калдык айыл округунун бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2015-жылдын 1-январына карата 1376,3 мин сом өлчөмүндө белгиленсин, жана ага кошумча сметалары түзүлсүн (анын ичинен атайын каражаттары 280,3 миң сом).
14. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде) жылдыруулар болгондо, өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жергиликтүү кенештин тармактык комитети менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын.
15. Ушул Токтомду бекитип берүү жагы жергиликтүү кеңешке сунушталсын.
16.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Бекиевге, жооптуу катчы М.Мамытовго, ФЭБнүн башчысы – башкы бухгалтер А.Араповго тапшырылсын.
Төрага | Э. Толтоев |