Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 125
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин эффективдүү иштетүү, айыл өкмөтүнүн бюджетин чыңдоо максатында иштелип чыккан кайра бөлүштүрүү фондунун келечек планын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмү, түзүлгөн келечек пландын негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Мусаев |