Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 126
Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан Куршаб мал базарына ветеринардык көзөмөл жүргүзүү максатында
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы “Тогуз-Булак” ветеринардык сервисин Куршаб мал базарына ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүү боюнча сунушту угуп жана талкуулап, сунушту колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб мал базары Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Гүзар айылында жайгашып “Тогуз- Булак” ветеринардык сервисинин тейлөө аймагына карагандыгына байланыштуу жана ушул мезгилге чейин Куршаб айыл өкмөтүнүн ветеринардык сервиси тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп жаткандыгын эске алуу менен Куршаб мал базарына жана мал союлуучу жайга ветеринардык көзөмөлдү “Тогуз- Булак” ветеринардык сервисинин жетекчиси Б.А.Жанибеков Куршаб мал базары менен келишим түзүп иш жүргүзүү милдеттендирилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | К.Мусаев |