Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 127
АРИСтин “Айылдык инвестициялоо долбоорунун” алкагында Кызыл-Октябрь айыл аймагында кичи долбоорлорду колдоо жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы айыл аймагында түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында, айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн долбоорду карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагында кичи долбоорлорду колдоо максатында АРИСтин “Айылдык инвестициялоо долбоорунун” алкагында айыл аймагында жайгашкан орто мектептерди 9 (тогуз) комплект интерактивдүү доскалар, 9 (тогуз) комплект компютер жана 9 (тогуз) МФУ принтер менен камсыздоо боюнча түзүлгөн долбоору колдоого алынсын.
2. Долбоорду аткарууда коомчулуктун салымын камсыздоо жана түзүлгөн долбоордун планынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.С. Бекиевке жүктөө жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана салык саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Мусаев |