Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 130
Айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин кызмат көрсөтүү акылары жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы айыл аймагынын ветеринардык инспектору Б.Кожоевдин арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында “Кызыл-Сеңир” жана “Тогуз-Булак” ветеринардык сервистери тарабынан көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөө төмөндөгү баада бекитилсин.
2. Кызмат үчүн акы төлөөнүн баалары бир баш мал жандыкка
- кара малга 40 (кырк) сом
- жылкыга 40 (кырк) сом
- эшек 40 (кырк) сом
- кой, эчки 10 (он) сом
- ит 50 (элүү) сом
- тоок 5 (беш) сом
- кара малдан кан алуу 30 (отуз) сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Мусаев |