Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 132
Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы айыл аймагынын тургуну М.Мамаевдин “Куршаб” кооперативинин Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Куршаб (Лесхоз) айылында жайгашкан “Ак-Өргө”чайканасы жана нан бышыруучу цехинин ээлеген жер участкасы менен 2005-жылы сатып алгандыгы жана көп жылдан бери чайкана иштебей жөн гана турак жай катары пайдаланып, жашап жатышкандыгы үчүн жердин профилин өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. М.Мамаевке тиешелүү чайкана жана нан бышыруучу цехтин ээлеген жери менен профили турак жай категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Мусаев |