Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 133
Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы айыл аймагынын тургуну Ш.Темирбаеванын Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Куршаб (Лесхоз) айылында жайгашкан мейманкана ээлеген жер участкасы менен 2001-жылы сатып алгандыгы жана көп жылдан бери мейманкана иштебей жөн гана турак жай катары пайдаланып, жашап жатышкандыгы үчүн жердин профилин өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ш.Темирбаевага тиешелүү мейманкана ээлеген жери менен профили турак жай категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Мусаев |