Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 134
Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы айыл аймагынын тургуну Батыров Адылбек Мамасалиевичтин Кочкор-Ата айылында жайгашкан 400 кв.метр айыл чарбасына жараксыз жерди азык-түлүктөр сатылуучу дүкөн куруу максатында 2010 -жылдын 3-апрель айында сатып алган. Каттоо №5-06-12-1005-0139 күбөлүктүн негизинде менчик ээси деп табылып, Мамлекеттик Акт алынган, бүгүнкү күндө 20 кв.метр жер аянты азык- түлүктөр сатылуучу дүкөн катары иштетилип, калган 380 кв.метр жер аянтын турак жай куруу максатында иштетүү үчүн жердин профилин өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Батыровко тиешелүү жердин 380 кв.метр жер аянтынын профили турак жай категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Мусаев |