Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 136
Эс алуу жайын (бассейн) курууга жер ажыратып берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылына калктын ден-соолугун чыңдоо максатында К.Мусаевдин эс алуу жайын (бассейн) куруу үчүн айыл чарбасына жараксыз жерден жер ажыратып берүү жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Сеңир айылынын тургуну К.Мусаевке калктын ден-соолугун чыңдоо максатында эс алуу жайын (бассейн) курууга 0,50 га жер ажыратып берүү жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
3. Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармасы жана райондук Мамкаттоо башкармасынан тийиштүү иш кагаздарын даярдап жана каттоого алуу жагы суралсын.
Төрага | Р.Жунусалиев |