Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V-чакырылган ХХ кезектеги сессиясы

 

2016-жылдын 27-февралы № 124

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337, 329-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, жер салыктарынын ставкаларын көтөрүү жөнүндө

Өзген райондук мамлекеттик администрациясынын жана Мамлекеттик салык кьшатьшын взген райондук башкармалыгынын 2016-жылдын 29-январындагы №15 сандуу катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337, 329-беренесинин 4-бөлугунө ылайык айыл чарбасына жарактуу жерлерин, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына жарактуу эмес же ынгайсыз жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыктарынын ставкаларын көтөруу боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтунун демилгесин, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана салык саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кызыл-Октябрь айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337, 329-беренесинин 4-белугуне ылайык айыл чарбасына жарактуу жерлерин, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына жарактуу эмес же ынгайсыз жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыктарынын ставкалары 15% ке көтөруу сунушу колдоого алынып, бекитилсин.

2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү- жер салыктарынын ставкалары 15%ке көтөрулгөндугу жөнундө жергиликтүү салык төлөөчулөргө тушундуруу иштерин жургузуу менен жергиликтуу бюджеттин киреше бөлугуне кошумча эсептөөлөрду жургузууну кол го алышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтунө жана айылдык кенештин бюджет, финансы жана салык саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.

 

Төрага

К.Мусаев