ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын XXXV кезексиз заседаниеси
2016-жылдын 01-декабры № 35/5
Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын 28-октябрь 2016-жылдагы № 01-13-3691 катын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Нотариат жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын 28-октябрь 2016-жылдагы № 01-13-3691 катын аткаруу тууралуу
Жошолу а/кеңешинин V чакырылышынын XXXV кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын « Нотариат жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын 28-октябрь 2016-жылдагы № 01-13-3691 каты жетекчиликке алынсын, аткарылышы камсыздалсын.
2. Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынын айыл өкмөтү менен түзгөн келишими бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенштин бюджет жана туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Иманахунов |