Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 27-20/2
П-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын тургуну Т.А.Шакеевдин, жер тилкесин бир зонадан, экинчиге которуу жөнүндөгү, 2017-жылдын 1-декабрындагы, кир.№01-9/148 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, 2017-жылдын 31-июлундагы, чыг.№06-05/446 сунушун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. П-1 (өнөр-жай ишканаларынын зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Пристань-Пржевальск поселкасынын, СМУ аймагындагы, аянты 32272,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин максаттуу пайдаланылышын өзгөртүү максатында, ал Ж-2Б (жеке турак жай курулуш) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
- бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Т.А.Шакеев, Каракол шаарындагы жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |