Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 27-20/3
Ж-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы М.Ш.Токоевдин, 2017-жылдын 16-мартындагы, кир.№01-7/150, 2017-жылдын 23-июнундагы, кир.№01-7/322, Ж-1 зонасынын бөлүгүн, башкага өзгөртүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ж-1 (жеке турак жай курулушунун) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаарындагы, Дербишев көчөсү, №203 дарегинде жайгашкан, аянты 580,0 м2 жер тилкесин, Ц-3 (базар жана дүң соода) зонасына которулсун.
Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
- бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
К.А.Саякбаев, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом ММКларда жарыялансын.
Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |