Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 27-20/4
Чыгармачылык топту жана Каракол шаарынын делегациясын Түрк Республикасына, жылыга өтүүчү, Рамазан айына арналган 9-фестивалга катышууга жиберүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кичи-Өрөн шаарынын мэри Мустафа Актын чакыруу катын карап жана талкуулап, боордош элдердин экономикалык, социалдык, маданий байланыштарын бекемдөө максатында, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына накталай акча каражатын, мурда 2017-жылдын бюджетинин аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүүдө, долбоорлорду кошумча каржылоого бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Түрк Республикасында жылыга өтүүчү, Рамазан айына арналган 9-фестивалга катышуу үчүн, чыгармачыл топ жана Каракол шаарынын делегациясынын транспорттук чыгымдарына бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |