Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 27-20/5
Кыргыз Республикасынын шаарларынын кенештеринин арасында, жыл сайын өтүүчү спартакиадага катышуу үчүн, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин командасына, спорттук форманы сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысынын, 2018-жылдын 19-апрелиндеги кир.№01-7/156 кызматтык катын карап жана талкуулап, республиканын шаарларынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, сергек жашоону пропагандалоо жана команданын келбетинин татыктуу болушун камсыз кылуу максатында, экономикалык, социалдык, маданий байланыштарын бекемдөө максатында, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүнө, мурда 2017-жылдын бюджетинин аткаруусунун жыйынтыгы боюнча, 2018-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүүдө, долбоорлорду кошумча каржылоого бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 124 000 (жүз жыйырма төрт миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин спорт командасына, спорттук форма сатып алуу үчүн, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |