Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 27-20/6
ЕРӨБнын долбоорун ишке ашырууга уруксат берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2018-жылдын 18-апрелиндеги, чыг.№1/16/1366 катын карап жана талкуулап, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорун ишке ашырууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, "Суу түтүк" МИси менен бирдикте, тарифтердин эсептери боюнча сунуш беришсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (Ф.А.Алжамбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |