Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 27-20/7
Каракол шаарынын борбордук аянтына Чынгыз Айтматовдун ысымын берүү жөнүндө
Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын, 2018-жылдын 22-январындагы, кир.№01-7/42 катын, Каракол шаарынын тургундарынын жыйналышынын протоколун карап жана талкуулап, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХ сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын борбордук аянтына Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |