Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-апрели № 1
Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндɵгү корук маселесин кароо жɵнүндɵ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кенештин тѳрагасы И.Мукамбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айылындагы корук маселесин кароодо 5-май 2017-жылдан баштап малдарды коруу жана айыл ичиндеги малдар үчүн уй бада (кесүү) уюштурулсун.
2. Айдоо аянттарын тебелеп,түшүмүнɵ зыян келтирсе мал башына 100(бир жүз) сомдон айып салынсын.
3. Малчыларды жайлоого кɵчүрүү 1-июнь 2017-жылдан башталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Айдарбек уулу Тилекке милдеттендирилсин
Төрага | И.Мукамбетов |