Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 27-апрели № 2
«Аргымак -Секьюрити» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору А.Абдыразаковдун арызын кароо жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кенештин төрагасы И.Мукамбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ѳнѳр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети тарабынан 2017-жылдын 5-январында пайдалануу мѳѳнѳтү 2035- жылдын 5-январына чейин берилген, казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугунун № 5156 ТЕ лицензиясынын негизинде, Эмгекчил айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Карга Жайлоо» аймагында жайгашкан жалпысы 7,5 гектарды түзгѳн карьердик иштерди жүргүзүү үчүн линцензиялык аянтка, лицензияда каралган мѳѳнѳткѳ чейин убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Айдарбек уулу Тилекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын Эмгекчил айылдык Кенешине тапшырылсын.
Төрага | И.Муканбетов |