Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
төртүнчү чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын
2017-жылдын 10-февралы № 17
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жонундо» кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайытжерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин: 2017-жылга жайыт акысын төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири муйуздуу мал-бир баш үчүн-100 сом
Кой-эчкилер- бир баш учун- 100 сом
Жылкылар бир баш учун-100 сом
Жайлоого чыккан малчылар үчүн төлөө акысы:
Субайлар -350-400
Жылкыларга-450-500
Кой-эчкиге-80 сом
Жайлоого кетпей калган малга төлөө акысы:
Ири муйуздуу мал бир баш учун-150 сом
Кой-эчкилер бир баш учун-30 сом
Жылкылар бир баш учун-200 сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Белековго жана салык инспектору Б.Мамажановага тапшырылсын.
Төрага | И.Шакеева |