МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
2018-жылдын 13-январы № 118
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн комиссиянын протоколунун жана сессияга катышкан жалпы депутаттардын сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун , 37-беренесинин 2-пунктун ,37-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Катышкан депутаттардын толук добушуна ээ болгон Кимсанов Абдикерим Кимсанович Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасы болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссиясына жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.Келдибеков |