Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
2018-жылдын 13-январы № 123
Мырза-Аке Тазалык ишканасынын 2018-жылга киреше чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Финансы ,экономика ,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боююнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,
Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке Тазалык ишканасынын 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2018-жылдын 1-февралына комиссия курамы тазалык ишканасынын 2017-жылда аткарган иштерин карап келсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Келдибеков |