Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XII сессиясы
2018-жылдын 13-январы № 124
Туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып ,айылдык Кеңештин иштөө багытын бекемдөө укуктук базасын чыңдоо максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия курамына өзгөртүү төмөндөгүдөй киргизилсин. А Кимсановтун ордуна А Келдибеков мүчө болуп киргизилсин.
2. Социалдык маселелер .жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
3. Ж. Эргешовтун ордуна Т Жусупов мүчө болуп киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Келдибеков |