ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V –шайланган депутаттарынын кезектеги I сессиясы
2013-жылдын 28-июну № 22
Төрт-Көл айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» Мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында өзгөртүү киргизилип, 2013-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө киргендигине байланыштуу Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган калктын көпчүлүгү кыргыз тилин билгендиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоору мамлекеттик тилде каралсын жана жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | С.Ахмедов |