Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(V чакырылышынын) XXVI заседаниеси
2015-жылдын 23-декабры № XXVI- 1
Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын үнөмдөлгөн акча каражатынан кыскартуу жөнүндө
Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын территориялдык башкармалыгынын 2015-жылдын 12-октябрындагы № 01-16-425 буйругуна негиз, Найман айыл өкмөтүнүн 01.01.2014-жылдан 31.12.2014-жылдар мезгилиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүлгөн.Анын жыйынтыгы жөнүндө Эсептөө палатасынын актында көрсөтүлгөндөй жол акысына бөлүнгөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн башка чыгымдарына максатсыз пайдаланып кеткен.Кетирилген кемчилдиктерди калыбына келтирүү максатында ,Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин 40,5 миң сом акча каражатын, үнөмдөлгөн акча каражатынан кыскартуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын территориялдык башкармалыгынын 2015-жылдын 12-октябрындагы № 01-16-425 буйругуна негиз, Найман айыл өкмөтүнүн 01.01.2014-жылдан 31.12.2014-жылдар мезгилиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттин актысында көрсөтүлгөндөй кетирилген кемчилдиктерди ордуна коюу жагы колго алынсын .
2. Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин 701 бөлүмүндө акча каражаты калбай калгандыгына байланыштуу, 706 бөлүмүнүн 22-15 статьясынан үнөмдөлгөн акча каражатынан кыскартып берүү жагы Ноокат райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Кетирилген кемчилдиктерди жоюу жана ордуна коюу иштерин колго алып, тез арада бүткөрүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана ФЭБ башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |