Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
2018-жылдын 27-январы № 9-3
Шаңкол айылындагы Ак-чабуу арыгына кичи ГЭС куруу тууралуу
Арбын айылынын тургуну жеке ишкер айылдык кеңештин депутаты Осмоналиев Эрмамат Жумабековичтин Ак-чабуу арыгына кичи ГЭС куруу менен ошол жерде жашаган атуулдардын электр жарыгын жакшыртууга жана Ак-чабуу каналын ремонтоо менен анын баш жагына суу тосуучу жапкыч жасоо тууралуу маселесин угуп жана талкуулап, Ошондой эле мамлекетибиздин кичи ГЭСтерди колдоо программасынын жана КРнын Президентинин " 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыялангандыктан КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1, 15-пунктчаларына жана 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 3,16-пунктчаларына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылынын тургуну жеке ишкер айылдык кеңештин депутаты Осмоналиев Эрмамат Жумабековичтин кичи ГЭС куруу тууралуу долбоору колдоого алынсын.
2. Кичи ГЭС куруу үчүн Шаңкол айылындагы Ак-чабуу арыгынан тиешелүү жерин тактап тартып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Маматалиевке тапшырылсын.
3. Ак-чабуу арыгына кичи ГЭС куруу менен ошол жерде жашаган атуулдардын электр жарыгын жакшыртууга , арыгын тазалап, анын баш жагына суу тосуучу жапкыч жасоо менен элге сууну убагында камсыз кылып туруу жагы Э.Осмоналиевке милдеттендирилсин
4. Кичи ГЭС куруу үчүн жер мыйзам чегинде убактылуу берилсин жана коопсуздук эрежелерин сактоо жагы Осмоналиев Э.Ж. жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |