Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
2018-жылдын 27-январы № 9-4
ЖЧК "Сага-Мага" ишканасынын Кеңеш айыл өкмөтүнүн Ак-терек айылындагы "Кызылчап"участкасындагы көмүр кенин чалгындоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу
Кеңеш айыл өкмтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултандын ЖЧК "Сага-Мага" ишканасынын Кеңеш айыл өкмөтүнүн Ак-терек айылындагы "Кызылчап" участкасындагы көмүр кенин чалгындоо иштерин эч кандай уруксаты жок эле баштап алгандыгын, бул иштин мыйзамдуулугун карап берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчаларына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК "Сага-Мага" ишканасынын Кеңеш айыл өкмөтүнүн Ак-терек айылындагы "Кызылчап" участкасындагы көмүр кенин чалгындоо боюнча иш-кагаздарын талап кылуу жана анын мыйзамдуулугун карап чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. КРнын Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамынын талаптарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнөн талап кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |