Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
2018-жылдын 27-январы № 9-5
Куу-майдан айылынын тургундары К.Кудайбердиев менен Маткалыков Медербектин арызы тууралуу
Куу-майдан айылынын Байыш участкасынын тургундары К.Кудайбердиев менен Маткалыков Медербектин Байыш көрүстөнүн жээгиндеги бош жаткан таштак иштетүүгө жараксыз жер участогун өздөштүрүү үчүн сурап жазган арыздарын карап жана талкуулап, КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 15 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылынын Байыш участкасынын тургундары К.Кудайбердиев менен Маткалыков Медербектин арыздары канаттандырылсын.
2. Куу-майдан айылындагы Байыш участкасындагы эски көрүстөндүн жанындагы бош жаткан иштетүүгө жараксыз таштак жерди тактап өлчөп тең экиге бөлүп, К.Кудайбердиев менен Маткалыков Медербекке өздөштүрүү үчүн токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |