Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
2018-жылдын 27-январы № 9-6
Ар түрдүү маселерди кароо боюнча
Ар түрдүү маселелерге кирген Байыш айылынын тургуну Б.Жаркынбаеванын арызы, жаш мугалимдерди колдоо тууралуу, мектеп окуучуларынын тартиби, Байыш айылына мончо куруу тууралуу, тракторго техникалык паспорт алуу тууралуу маселелерди карап жана талкуулап КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 15 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байыш айылынын тургуну Б.Жаркынбаеванын жылдык өткөрүүсүнө жардам берүү тууралуу жазган арызын ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча мамлекеттик программанын негизинде жеринде карап чечүү жагы айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде кадр маселеси жетишээрлик экендигин жана жаш мугалимдерди колдоо үчүн бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен алты айлыктын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешеден бир жолу сыйлык катары берилсин.
3. Мектептердеги балдардын тартиби боюнча айылдык аймактын ИДЕНдери аксакалдар соту, аксакалдар кеңешинин, аялдар кеңешинин, жаштар кеңешинин өкүлдөрүн катыштыруу менен мектептерде жыйналыштарды өткөрүшсүн жана түнкү рейддерди уюштурушсун, тартип бузган, көчөдө беймаал жүргөн окуучуларды тизмелеп, ата-энелерине чаралар көрүлсүн.
4. Байыш айылына мончо куруу боюнча элдин муктаждыгын аныктаган иш-чараларды көрүү жагы депутат Мамашарип уулу Д тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык ке?ештин мыйзамдуулук, укук, туризм, миграция, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мамашарип уулу Дурусбекке тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |