Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз ХХ заседаниеси
2015-жылдын 09-декабры № 21/1
Будалык айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету
Будалык айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчетун угуп жана талкуулап,КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 6-главасынын 46-беренесинин 3-пункутуна ылайык Будалык айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчету канаатандыраарлык деп белгиленсин. (тиркеме тиркелет)
2. 2016-жылга жана андан кийинки жылга карата калктын социалдык экономикалык өнүгүшүн багыттаган, социалдык инфраструктураны жакшыртуу чаралары иштелип чыгуу жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | У.Асанов |
| Будалык айылдык Кенешинин 5 чакырылышын 21 заседаниесинин №21\1 токтомуна тиркеме |
Урматтуу депуттар! 2015-жыл ичинде Будалык айыл өкмөтүндө бир топ ийгиликтерге жетиштик десек жанылышпайбыз.Анда ар бир тармак боюнча токтолуп кетейин.
Жергиликтүү бюджет
2015-жылга салык жана салык эмес жыйымдардын көлөмүн жогорулатуу мксатында кошумча резервдерди табуу чаралары көрүлдү башкача айтканда жайыт төлөмдөрүнөн 93.000сом топтоп төгүү керек болсо ал 100%га аткарылды. 2015-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 5451,0 мин сом, чыгаша бөлүгү 5451,0 мин сомго белгиленген. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл өкмөтүнүн имаратынын чатыры 498мин сом сарпталып жаныланып жабылса,айланасын темир торчо менен тосууга 1млн 35 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.ОсО «Кубай» ишканасы бүгүнкү күндө бул иштерди аяктоо алдында турат.
Октябрь китепканасынын айланасын тосууга 185мин сом акча каражаты бөлүнүп берилип, бүгүнкү күндө айланасы толук темир тор менен тосулду. Ж.Бубаев атындагы орто мектебинин ашканасына таза суу киргизүүгө иши колго алынып,98,8мин сом акча каражаты жумшалып, аристон коюлду жана таза суу киргизилди.
2014-жылы иштетилбей калган каражаттын эсебинен «Нурай» балдар бакчасынын айланасы темир торчо менен тосулуп,ага 298мин акча каражаты сарпталды.
Тышкы жана ички инвецтиция тартуу:
Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине Түрткү берүүчу гранттын эсебинен «Нурай» балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2млн 986мин 182сомдук долбоор жазылып,тендерден ОсО ОЛИМП-КО ишканасы утуп бүгүнкү күндө 90% иш бүткөрүлдү.
АРИС тарабынан «Жайыттарды колдоо» максатында окуулар өткөрүлүп жатат.
Айыл чарбасы:
Айыл өкмөтүндө көпчүлүк эл мал чарбачылыгы менен алектенишет. Калкты таза эт менен камсыз кылуу максатында мал ыландарына каршы эмдөөлөр жүргүзүлүп, ветеринардык кароодон өткөрүлүп турат.
Калк арасында жасалма уруктандыруу боюнча тушүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Элди таза суу менен камсыздоо чаралары да көрүлгөн. Кара Суу айылынын жамааттары жана айрым демөөрчүлөрдүн жардамы менен мурдагы жылдарда жер көчкүнүн кесепетинен бузулган суу түтүгүн ремонттоп суу чыгарып алышты.
Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу:
Кум Шоро айылынын кире беришиндеги көпүронү бекемдөө үчун атайын долбоор жазылып, Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинен акча каражаты болүнүп копүрө бекемделди.
2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүү программасынын алкагында Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Ош облустук бөлүмү тарабынан “жашыл долбоор” мерчемин ишке ашыруу багытында 1800даана жангак ар бири 30 сомдон 540000 (элүү төрт мин),500 даана 6000(алты мин)сомдук өрүк , 400 даана терек 8000(сегиз мин) сомдук тал 300 даана6000(алты мин) сомдук
көчөттөр отургузулуп, 211мин 750 сомдук материалдык жабдуулар алынып айланасы тосулду.Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 115мин сом акча каражаты которулуп берилди.
Тамга Терек айылындагы жамааттар тарабынан Тиленбаевдердин үй-бүлөөсү 15000 (он беш мин)сом акча каражатын сарпташып,45даана кара өрүктүн жана кайноолунун көчөтүн отургузуп айланасын тосушту.
Ишкердүүлүк:
Ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында ишкерлерди райондо жана башка жактарда өткөрулгөн семинарларга катышып келишти.
2015-жылдын 6-декабрь күнү Айыл банктын башчысы жана райондогу Айыл чарба департаментинин башчысы менен биргеликте «Ишкеликти өнүктүрүү боюнча кркдиттерди алуу чаралары» жөнүндө элдик жыйын өткөрүлүп калкка кенири маалымат берилди.
Аткаруучулук тартип:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн, Жергиликтүү райондук. Администрациялардын токтом буйруктарынын аткарылышын камсыз кылууну такай көзөмөлгө алынууда жана жарандардын кайрылуулары мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө аткарылышы , элдик жыйындарды өткөрүп туруу менен элдин талаптарын жеринде чечүүгө шарт түзүлөт.
Миграция:
Калк арасында тышкы миграцияга чыгуу жана ишке орношуу жөнүндө тушундурүү иштери жүргүзүлүп турат.
2015-жыл ичинде 26 адам жумушсуздарды жумушка тартуу, ар кандай коомдук иштерге катыштырып бир айлык мөөнөт менен эмгек акысын алып иштешти.
Ички, тышкы миграцияга башка жакка учеттон чыгып кеткедердин саны 54 болсо,учеттон чыкбай кеткендердин саны 160адамды түздү. Ал эми айыл өкмөтунө келип учетко тургандардын саны
Билим берүү жана мектепке чейинки тарбия берүү:
Мектептерде окуу китептери, компютердик техника менен толук камсыз болушкан. Бардык мектептерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Президентинин «2015-жыл –Улуттук экономиканы чындоо жылы» жөнүндө Жарлыгы менен тааныштырылып, иш чараларды кабыл алышкан.
Мектептерди 2015-2016-жылга карата сапаттуу ремонтоо үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты (Ж Бубаев орто мектебине 40000 , Ж Кыпыева мектебине 50000 Кум Шоро мектебине 40000 Будалык башталгыч мекткбине 2000 сом ) Мыйзамдуу өз максатында пайдаланылып, Будалык айыл өкмөтү Алай району боюнча жергиликтүү бюджеттен билим берүү мекемелерине эн көп акча каражатын бөлуп бергендиктен
« Камкор айыл өкмөтү» номинациясына ээ болду.
2015-жылы “ Нурай” балдар бакчасына Будалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен ремонт үчүн 110 000 сом, чарбалык керектөөлөр үчүн 120 000 сом бөлүнуп берилди.Ал каражаттарга бала бакчанын айлансы темир тор менен тосулду. Мындан сырткары КР каржы министрлигинин түрткү берүүчү грантына 2млн 774мин сомдук долбоор жазылып,тапшырылды.Тендерден ОсО ОЛИМП-КО компаниясы утуп бүгунку кундө
90 % иш бүткөрулдү.
30 орунду “Шалбаа” бала бакчаларында орундардын санын кенейтүү чараларын көрүлуп жатат. Жергиликтүү бюджеттен ремонт үчүн 110 000 сом, чарбалык керектөөлөр үчүн 120 000 сом бөлүнуп берилди “балдардын сыртта ойноочу аянтчасы” курулуп берилди.
Коомдук коопсуздук жана коррупция менен күрөшүү:
Коррупциялык көрунүштөрдү ачыкка чыгаруу максатында жана калкка юридикалык кенештерди берилип турат.
Калк арасында кылмыштуулукту алдын алуу, өспурүмдөр менен иштөөнү колго алынып, айыл өкмтүндөгү диний иштерге такай көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө
Социалдык маселелер:
2015-жылга карата 1 Афган согушунун катышуучусу бар.
Тылда иштеген эмгек ардагерлери 13 , майыптуулугу боюнча 86 атуул
каттоодо турушат.
Жарым жетим балдардын саны 41, тоголок жетим балдардын саны
6. Жөлөк пул алуучулардын саны 111, пенсионерлер 445,жалгыз бой
карыялар 7.Жогорудагы атуулдар мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулдарды жана акчалай жеңилдиктерди өз учурунда алып турушат жана айыл өкмөтү тарабынан да ар
тараптуу колдоолор көрсөтүлүп турат. Будалык айыл өкмөтү боюнча
2015-жылга карата 111 аз камсыз болгон үй бүлөөгө
жөлөк пулдар чегерилген.Айыл өкмөтүндө жаштарга жумуш жок
болгондуктан жаш үй бүлөөлөрдүн көпчүлүгү балдары үчүн алган жөлөк
пулдар менен тиричилик кылышат
Айыл өкмөтүндө “жөлөк пул” чегерүүгө сунуш кылуу боюнча атайын түзүлгөн
комиссиясынын чогулушунун негизинде жөлөк пул алуучулардын саны
азайып жатат.
Пенсия жашындагы атуулдарыбызга пенсиялары өз учурунда
кечиктирил берилүүдө. Алардын болжолдуу саны 445 адам.
8-март “Аялдардын эл аралык майрамын“ өткөрүүгө айыл өкмөтүнөн 10мин (он мин) демөөрчүлөрдөн10(он мин )акча каражаты жумшалып,50 аялга ысык тамак уюштурулуп
15 карыя апаларга белек бечкектер үйүнө жеткирилип берилди.
9 энеге “Баатыр энелердин”медалдары, 1энеге “Эне данкы” ордени таркатылды .
Октябрь айында карыялар күнү, 1- декабрь Мүмкүнчүлугү чектелгендердин күнү да белгиленди.