Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз ХХ заседаниеси
2015-жылдын 17-декабры № 21/2
Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 12 айында бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 12 айында бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укугун негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 17-беренесине ылайык Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын төмөндөгү салыктын түрлөрүнө такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/№ | Берененин аталышы | берене | баардыгы | 4-квартал | ||
көбөйтүү | азайтуу | |||||
1 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | 14151200 | 490,0 | 490,0 | ||
бардыгы | 490,0 | 490,0 | ||||
2. Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү берененин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
К/№ | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | берене | баардыгы | 4-квартал | ||
көбөйтүү | азайтуу | ||||||
1 | Бала бакча | Имарат жана курулуштар | 31112390 | 472,0 | 472,0 | ||
Аппарат | Күйүүчү май | 22141100 | 18,0 | 18,0 | |||
бардыгы | 490,0 | 490,0 | |||||
3. Жогорудагы акча каражаттын 2015-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын КЭБ башчысы А.Кудайбердиевке милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | У.Асанов |