Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезектүү 9-сессиясы
2017-жылдын 14-ноябры № 35
Покровка айылынын тургуну М.Чойбековдун 36-м.кв жер аянты боюнча кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан “Жыргал” курулуш дүкөнүнүн түштүк жак бетиндеги 36-м кв жер аянтын сатуу боюнча Покровка айылынын тургуну М.Чойбековдун кайрылуусу канаттандырылсын.
2. “Жыргал” курулуш дүкөнүнүн түштүк жак бетиндеги 36-м кв жер аянтын жеке менчике сатууга уруксат берилсин.
3. 36-м кв жер аянты көз карандысыз баалоочу аркылуу баштапкы баасы коюлуп, ачык соодалоо аркылуу жеке менчикке сатылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба тармагы боюнча комиссиянын төрагасы Ч.Т.Курманбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Садыков |