Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 38
Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары-Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн башкы адиси М.Дүйшобаевге жана Мониторинг тобунун төрагасы А.Б.Жалиловго жүктөлсүн
Төрага | М.Садыков |