Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 39
Кара-Арча айылындагы айылдык китепкананын имаратынын ижаралык акысын төлөп берүү жөнүндө
1. Кара-Арча айылындагы айылдык китепкананын имаратынын ижаралык акысын төлөп берүү жөнүндөгү Кара-Арча айылынын тургуну А.Турдугулованын кайрылуусу канаттандырылсын.
2. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) келишимдин негизинде Кара-Арча айылындагы айылдык китепкананын имаратынын ижаралык акысы катары жылына 6000 (алты мин сом) төлөнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |