Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 40
Покровка айыл аймагына караштуу Покровка айылына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Покровка айыл аймагынын Покровка айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясында Покровка айыл аймагынын Покровка айылына кичи футбол аянтчасын куруу боюнча айыл аймагынын 2017-жыл 2-ноябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколун талкуулап Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылына кичи футбол аянтчасын куруу боюнча айыл аймагынын 2017-жыл 2-ноябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколун эске алынсын. (протокол тиркелет)
2. Талас облусунун өнүктүрүү фондусуна Покровка айыл аймагынын Покровка айылына кичи футбол аянтчасын куруу боюнча жалпы суммасы 2730000 сомдук долбоорду колдоп берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзумө калтырам.
Төрага | М.Садыков |