Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 42
Беш күндүк иш жумасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 94-беренесине ылайык 2 дем алыш күн менен беш күн же 1 дем алыш күн менен алты күндүк иш жумасы кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү ички эмгек тартибинин эрежелери же кезметтүүлүктүн графиктери менен аныкталгандыктан, өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени талкууга салып, Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын 2017-жыл 22-декабрындагы жалпы чогулушунун №61 протоколунун негизинде талкууланган беш күндүк иш жумасы жөнүндөгү кайрылуулары канаттандырылсын.
2. 2018-жылдын 1-январынан баштап Покровка айыл өкмөтүнүн жумуш күнү- беш күндүк иш жумасында ар күндүк жумуштун узактыгы ченемде-8 сааттан, жумалык -40 сааттык тартиби бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Садыков |