Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-марты № 1/4
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Куйбышев айылынын тургуну Эсенканова Акылга акча каражатын пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Куйбышев айылынын тургуну Эсенканова Акылдын жазган кайрылуусунун негизинде, Куйбышев айылына сүттү кайра иштетүү долбооруна өздүк салым үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражатын келишимдин негизинде пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө бөлүп берүү үчүн Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын +нүктүрүү Фонду» мекемесинен Эсенканов Акылга келишимдин негизинде каражатын пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө 100 000 (бир жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Эки тараптуу келишимди түзүү жагы «Мин-Булак айыл аймагын +нүктүрүү Фонду» жетекчиси Т. Усеновго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |