Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 22-марты № 1/5
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен айылдык айдоо жерлерди коруу үчүн корукчуларга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Куйбышев, Мин-Булак. өрнөк айылдарынын айдоо аянттарын коруу үчүн корукчуларга 40 000 (кырк мин) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Куйбышев, Мин-Булак. өрнөк айылдарынын айдоо аянттарын коруу үчүн «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен корукчуларга 40 000 (кырк мин) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |