Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 22-марты № 1/7
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Куйбышев айылынын тургуну Дыйканбаев Бакытбек Асанакуновичке акча каражатын пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Куйбышев айылынын тургуну Дыйканбаев Бакытбек Асанакунович жазган кайрылуусунун негизинде, Техсервиске караштуу трокторлоруна запчас алууга 40 000 (кырк мин) сом акча каражатын келишимдин негизинде пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө бөлүп берүү үчүн Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Дыйканбаев Бакытбекке келишимдин негизинде каражатын пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө 40 000 (кырк миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Эки тараптуу келишимди түзүү жагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» жетекчиси Т. Усеновго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |